<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>812</hymn_number>
<title>Сыйынганда, сыйынганда, Кудай менен РЫЖ303</title>
<lyrics>[V1]
.Em            Am        Em   B7
 Сыйынганда, сыйынганда, Кудай менен
.Em
 сүйлөшөм,
.    Em                  Am Em   B7
 Кыйналганда, түн болсо да, уктабастан
.Em
 сыйынам.
.    Am          D    G           C
 Жараткандын алдында тизелеп, колум сунуп,
.   Am      B7        Em
 Бүт муңумду айтып кайрылдым:
.  Am             D        Am            C
 «О Кудай, мени уксаң, жалгыз Сенден күч сурайм,
.     Am    B7         Em
 Күчтөн тайып, турам алсырап».

[V2]
 Сыртта катуу шамал улуп, бурганактайт
 муздуу кар,
 Так ошондой бороон каптап, жүрөгүмдү
 муздатат.
 Алсыздыгымды сезип, көзүмдөн жаш куюлуп,
 Мен Ыйсага туруп кайрылдым:
 «Сен билесиң, Кудайым, жүрөктөгү
 кайгымды,
 Туңгуюктан кантип чыгамын?»

[V3]
 Бул турмушта кыйналбаган, оңой жолду
 издебейм,
 Мейли болсун кыйынчылык жана кайгы
 чөктүргөн.
 Суранарым бир гана, дайыма сезип турсам
 Сенин кудуреттүү колуңду.
 Чырмалышкан жолдордон, айыгышкан
 жоолордон
 Өзүң сууруп чыгасың, Кудай.

[V4]
 Сыйынганда, сыйынганда, ыраазы
 болуп кубанып,
 Даңктайм Сенин мээримиңди жана чексиз
 күчүңдү.
 Күч кеткенде алсырап, алсыздыкка алдырып,
 Мен жыгылдым каршы тура албай.
 Жүрөктөн чыккан күйүт Сага жетти, Кудайым,
 Сыйынып, Сенден кубат алдым.</lyrics>
<key>Em</key>
</song>